Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:10

Ирактагы шектүү объектилерди текшерүү улантылууда.


БАГДАД. Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин ротациялык мүчөлөрү Ирактын куралдар декларациясынын кыскартылган варианты менен таанышып жатышат. Анын аралыгында, Улуттар Уюмунун куралдар инспектолору Ирактагы обьектилерди, анын ичинде, химиялык дүрмөттөрдү бутага жеткире ала турган ракеталарды чыгарган ишкананы текшерүүнү улантууда. Бүгүн Мисирдин Ал-Ахрам гезитине берген маалыматында БУУнун Атомдук Энергетика Агенттигинин башчысы Мохаммед Барадей Ирактын 1998- жылдан бери өзөктүк программанын үстүнөн иштеп жатканын тастыктаган таныктар табылбаганын билдирет. Анын аралыгында, Британия Ирак согушуна даярданып жатканын, бирок расмий Лондон али согуш «айныксыз нерсе эмес» деген көз карашта экенин билдирди. Мисирде болсо АКШнын Ирактагы аскердик компаниясына жол бербөө маселеси боюнча эл аралык конференция ачылды.

XS
SM
MD
LG