Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Литва менен Черногорияда президенттик шайлоолор өтүүдө.


Бүгүн Литвада президенттик шайлоо өтүп жатат. Мамлекет башчысынын кызматы үчүн 17 талапкер атаандашууда. Коомдук пикирди сурамжылоонун добуш берүү алдындагы жыйынтыктары көргөзгөндөй, өлкөнүн азыркы президенти Валдас Адамкустун эл арасындагы бедели калган талапкерлердикинен жогору. Вильнюстан түшкөн кабарларга караганда, добуш берүүгө келгендердин саны аз. Шайлоо бекеттери ачылган үч сааттын аралыгында добуш берүүгө укуктуу 2,7 миллион литвалыктын 6% гана шайлоого келген. Эгер бүгүнкү шайлоодо талапкерлердин эч кимиси жеңишке жетишпесе, добуш берүүнүн экинчи айлампасы 5-январда болот.
Президенттик шайлоо бүгүн Черногорияда да өтүүдө. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча, 11 талапкердин ичинен башкаруучу партиянын өкүлү Филлип Вуяновичтин шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору. Вуянович - Черногриянын Югослав федерациясынын курамынан чыгышын жактаган саясатчы. Аны жакында президенттиктен кетип, өкмөттү башкарып калган Мила Жуканович колдойт. Ал эми реформаланган Югославиянын жактоочулары шайлоону бойкоттоо чакырыгы менен чыкты. Шайлоо добуш берүүгө укуктуу калктын кеминде жарымы катышса гана жарактуу деп табылат.

XS
SM
MD
LG