Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Грузия коргонуу тармагын каржылоону эки эсеге жакын көбөйтөт.


Өлкө президенти Эдуард Шеварнадзе бүгүн мамлекеттик радиого берген маегинде билдиргендей, жаңы жылдын коргонуу бюджети 43,5 миллион долларды түзөт. Президент Шеварнадзенин айтымында, мындай кадам Грузиянын аскерий жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, НАТОнун стандарттарына ылайыкташтыруу максатында жасалууда. Грузия НАТОнун өткөн айда, Прагада болгон саммитинде уюмга кирүүгө расмий арыз берген. Өлкөнүн Коопсуздук Кеңешинин катчысы Тедо Жапаридзенин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Грузия НАТОго болжол менен 2005-2006-жылдары кириши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG