Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Ооганстандын президенти Хамид Карзайдын карикатурасын жарыялаган басылманын ээси камактан боштулду.


Ооганстандагы «Фарда» же кыргызчалаганда «Эртең» деп аталган басылманын ээси Абдул Гафур Айтикаддын билдирүүсүнө караганда, ал өткөн бейшемби күнү камакка алынган, бирок президент Хамид Карзай Норвегиядагы иш сапарынан кайтып келген соң бошотулду. Карикатура гезиттин 15- декабрдагы санында жарыяланып, анда президент Хамид Карзайдын кыякчан, ал эми өлкөнүн финансы министринин барабан менен «кайра түзүү, кайра түзүү, кайра түзүү» деп ырдап турган сүрөттөрү тартылган эле. Норвегияда болгон конференцияда жыйырмадай өлкө келерки жылы Ооганстанга калыбына келтирүү иштери үчүн 2 миллиард доллар жардам берүүнү убада кылды.

XS
SM
MD
LG