Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Казакстан менен Кытай «Ынтымактуу коңшулу, достук жана кызматташтык жөнүндө» жаңы келишим түзүштү.


Документке бүгүн, Пекинде Казакстан менен Кытайдын президенттери Нурсултан Назарбаев жана Цзянь Цземинь кол койду. Казак президенти Кытайга расмий иш сапары менен кечээ келген. Кабыл алынган келишимде эки өлкөнүн террорчулукка, сепаратизмге, экстремизмге каршы биргелешип күрөшүүсү, соода, илимий-техникалык, унаа, финансы жана аскерий тармактардагы кызматташттыгы каралган. Казакстандын жана Кытайдын коргоо министрлери Мухтар Алтынбаев менен Чи Хао Тянь өзүнчө, «Коркунучтуу аскерий ишмердүүлүктү алдын алуу жөнүндөгү» келишимге да кол коюшту. «Синьхуа» жаңылыктар агенттигинин билдиргенине караганда, президент Назарбаевдин Цзянь Цземинден тышкары Кытайдын премьер-министри Чжу Жунзци, КПКнын баш катчысы Ху Цзиньтао менен сүйлөшүүлөрү белгиленген.

XS
SM
MD
LG