Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:37

МАГАТЭ уюму ирактыктар менен жеке маектешүүлөрдү баштады.


Иракта эл аралык инспекция башталганына жыйырма төрт күн болду. Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ уюмунун башчысы Мохаммед эль- Барадей дүйшөмбү күнү билдиргендей, алар Ирактын ичинде Багдаддын өзөктүк куралдар программасы жөнүндө маанилүү маалыматты билет деп эсептелген адамдар менен жеке маектешүүлөрдү баштады. Барадей «CNN» телекомпаниясына берген маегинде белгилегендей, МАГАТЭ андай адамдарды Ирактан чыгарып кетип маектешүүгө да даярданууда, бирок алардын коопсуздугу кепилдениши керек. Бүгүн БУУнун инспекторлору үч жайды: балдарга сүт чыгаруучу ишкананы, ветеринардык эмдөө борборун, аскерий тармакка адистешкен инженердик компаниянын текшерип чыгышты. Ирак кечээ өлкөдө жашыруун катылган массалык кыргын салуучу куралдар жок экенин кайрадан ырастап, АКШ Борбордук чалгындоо кызматын инспекция ишине түздөн-түз катышууга чакырган.

XS
SM
MD
LG