Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:59

«Кыргызалтын» финансылык жеңилдиктерди сурап жатат.


БИШКЕК. «Кыргызалтын» ачык акционердик коому быйылкы жылдын 10 айында 1 тонна 535 киллограм алтын өндүрдү. Бул өткөн жылга салштырмалуу 20% көп. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Кыргызалтындын» вице-президенти Дилгер Жапаров билдирди. Анын айтымында «Кыргызалтындын» келечектеги планы Макмал алтын комбинатын 2010-жылга чейин иштетүүнү камсыздоо, Терек-Сай , Талды-Булак алтын кендерин ишке киргизүү болуп саналат. Бул үчүн «Кыргызалтынга» бир катар финансылык жеңилдиктер керек. Ал эми «Кумтөр» кени болсо келерки жылдын апрель айынан тарта толук кандуу иштей баштамакчы. «Кумтөр» алтын кенинен 1997 жана 2001-жылдары Кыргызстандын казынасына 147 млн. доллар түшө турган болсо, анын 56 млн. гана да түшкөн. Дилгер Жапаровдун сөзү боюнча, бул дүйнөлүк рынокто алтынга баанын төмөндөшүнө байланыштуу болууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG