Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Кыргызстандын Акыйкатчысы президентке өлүм жазасын алып салууну сунуш кылды.


БИШКЕК. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу президент Аскар Акаевге кат жолдоп, анда 2003-жылы Кыргызстанда өлүм жазасын алып салуу маселесин референдумга алып чыгууну сунуш кылды. Бул тууралуу Турсунбай Бакир уулу 23-декабрда өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын маалыматына караганда, өлүм жазасын алып салуу «Кыргызстан - адам укугун урматтаган өлкө» деген ураандын ишке ашуусунун бир көрүнүшү болот. Андан тышкары, Турсунбай Бакир уулу Акыйкатчынын 12 инспекциядан турган аппаратын уюштурууну болжолдоп жаткандыгын, бирок, ага каражаттын жетишсиздиги тоскоол болуп жаткандыгын кабарлады.

XS
SM
MD
LG