Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Шанхай Кызматтыштык Уюмунун эксперттери Бишкекте жыйын курушат.


БИШКЕК. 24-декабрда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердин эксперттеринин үчүнчү жыйыны башталат. 26-декабрга чейин созула турган жыйын учурунда уюмдун регионалдык антитеррористтик структурасын Бишкекте ишке киргизүү маселеси талкууланат. Кыргызстан тараптан Коопсуздук Кеңеш катчысынын орун басары Аскарбек Мамеев жана Кыргызстандын уюмдагы улуттук координатору Асанбек Осмоналиев баштаган делегациясы катышат. Жыйында ошондой эле Шанхай Кызматташтык Уюмунун эксперттеринин ушул жылдын сентябрь жана ноябрь айларында болгон отурумдарында кабыл алынган чечимдерди аткарууга байланышкан маселелер да талкууланат. Мындай маалымат 23-декабрда тышкы иштер министрлигинен алынды.

XS
SM
MD
LG