Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:57

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр башталат.


БИШКЕК. 23-декабрда Кыргызстанга Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Салохиддин Насриддинов келди. Ал 24-декабрда Бишкекте баштала турган кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын ишине катышат. Кыргыз тараптын делегациясын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Омар Султанов жетектейт. Өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламановдун дүйшөмбүдөгү маалымдоосуна караганда чек ара боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүсү 1997-жылы башталып, бирок Тажикстандагы ички кырдаалга байланыштуу ошол кезде эле токтоп калган. Ал эми Бишкектеги алгачкы жолугушууда сүйлөшүүлөрдү кандай уюштуруу, жүргүзүү маселеси каралат. Эки мамлекеттин чек арасынын узундугу 1 миң чакырымга жакын. Анын ичинде 40 ка жакын участок боюнча кайчы пикир бар, деп белгиледи Аламанов.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG