Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:57

Майлуу-Суу электролампа заводун сатуунун аягы чатак менен коштолууда.


БИШКЕК. Орусиянын «Аврора лайтинг» жоопкерчилиги чектелген коому Майлуу-Суу электролампа заводунун мамлекетке тиешелүү 62,43% акциясын сатуу боюнча 20-декабрда өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгын кайра карап чыгуу талабы менен чыкты. Ишкананын башкы директору Михаил Александровдун айтымында, тендерде жеңип алган «В.А.В.С.» атту жоопкерчилиги чектелген коом эң начар шартты сунуш кылган, андан сырткары анын башчысы В. Столповский коррупция боюнча айыпталып, Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн. «Столповскийдин Москва облусунда электролампа заводу бар. Ошондуктан ал Кыргызстанда өз конкурентин өстүрүүнү көздөбөйт», - дейт М.Александров. 20-декабрда Бишкекте өткөрүлгөн тендерге 2 казакстандык жана 2 орусиялык фирма катышкан. Алардын ичинен «Аврора лайтинг» 62 % акцияга 4 млн. 100 миң доллар төлөп, 23 млн. 200 миң доллар инвестиция жасаарын, Казакстандын «Темирбанкы» менен түзүлгөн консорциум – акцияга 3 млн. 885 миң доллар төлөп, 26 млн. 500 миң долларды инвестицияга жумшаарын, ал эми «Альянс Банк» менен түзүлгөн экинчи казак бирикмеси акцияга 3 млн. 305 миң доллар төлөп, 24 млн. доллар инвестиция жасаарын билдиришкен. Ал эми 20-декабрдагы тендерде жеңип алган В. Столповскийдин «В.А.В.С.» ишканасы 62 % акцияга 3 млн. 200 миң доллар берип, 18 млн. доллар инвестиция жасаарын билдирген .Тендердин өткөрүлүшү боюнча өнөр жай жана тышкы соода министрлиги шейшемби күнү маалымат жыйынын өткөрмөкчү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG