Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

Баткен областынын борборунда таза суунун жетишсиздиги ичеги-карындын жугуштуу ооруларынын жайылуу коркунучун пайда кылууда.


Шайырбек Эркин уулу

БАТКЕН. Областтык биргелешкен оорукананын жетекчилигинен 19-декабрда алынган маалыматка караганда, областтык ооруканага таза суу күнүнө эртең менен жана кечкисин бир сааттан гана берилет. Суунун жоктугуна байланыштуу хирург дарыгерлер иш учурунда чөөгүндөгү суудан пайдаланууга мажбур болууда. Ал эми оорулуулар дааратканага баруу үчүн үчүнчү кабаттан ылдый түшүүгө аргасыз. Ошондой эле область таза суунун мындай таңсыктыгы ичкелте сыяктуу жугуштуу илдеттердин жайылып кетүү коркунучун туудурууда. Бул маселени чечүү тууралуу дарыгерлердин жергиликтүү бийликтегилерге бир канча жолу кайрылууларынан ушул күнгө дейре эч кандай майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG