Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Кыргызстанда жасалма акча жасоочулар көбөйдү.


БИШКЕК. Акыркы мезгилде Кыргызстанда жасалма акча жасап, тараткандар күч алды. Бул тууралуу 19-декабрда өткөн маалымат жыйынында ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгынын башчысы Рыскул Качканаков билдирди. Анын маалыматына караганда, өткөн он бир айдын ичинде 61 жасалма акча жасоо фактысы катталган. Анын ичинде октябрь, ноябрь айларында кыргыздын 1000 сомдук акчасын жасап, тараткан төрт окуя катталып, аларга катышы бар үч уюшкан топ колго түшүрүлдү. Алдын ала тергөөдө акча компьютерде жасалгандыгы аныкталып, бир топ жасалма акча жасаган деген шек менен Токмок шаарындагы «Компьютер-сервис» аттуу жеке ишкананын оператору Валерий Кривендо кармалды. Калган жасалма акча жасагандар азыр иликтенүүдө.

XS
SM
MD
LG