Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Үчүнчү Элдик Курултай 2003-жылы өткөрүлмөк болду.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы Үчүнчү Элдик Курултайды 2003-жылдын 17-мартына чейин өткөрө тургандыгын жарыялады. Мындан сырткары, аталган кыймыл өкүлдөрү эл аралык демократиялык уюмдарга курултайды өткөрүүгө жардам сурап кайрыла тургандыгын, ошондой эле бийликтин Үчүнчү Элдик Курултайдын делегаттарын Бишкек шаарынан өз жашаган жерлерине мыйзамсыз, күч менен чыгарып салуусу боюнча республиканын сот органдарына жана жаңыдан шайланган Акыйкатчыга доо аразын жолдой тургандыгын кабарланды. Оппозиция өкүлдөрүнүн Үчүнчү Элдик Курултайды үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарында өткөрүүсүнө мүмкүндүк берилген эмес. Аткаруу бийлиги курултайды өткөрүүгө имарат бербей, республиканын жер-жерлеринен келген делегаттар күч менен өз жашаган жерлерине жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG