Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Оппозиция өкүлдөрү Үзөнгү-Кууш маселесин элдик референдумга кошууну талап кылышууда.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. Кыргызстандагы «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо кыймылы» республикада жакын арада боло турган өлкөнүн баш мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдумга «Үзөнгү-Кууш» жерин Кытай Эл Республикасына өткөрүп бербөө маселесин кошо сунуштоо тууралуу чечим кабыл алды. Бул жөнүндө 19-декабрда өткөн маалымат жыйынында Мыйзам чыгаруу жыйынынын депуттары, аталган уюмдун жетекчилери Исмаил Исаков менен Азимбек Бекназаров жарыя кылышты. Ошондой эле аталган кыймылдын өкүлдөрү эгерде, он күндүн ичинде республиканын Конституциялык Соту оппозциялык маанайдагы он бир депутаттын «Үзөнгү-Кууш» жеринин Жогорку Кеңештин кош палатасында мыйзамсыз каралгандыгы тууралуу арызын карабай турган болсо, бул маселе боюча Кыргызстандын жер-жеринде кол чогултууну баштап, эл аралык сотко кайрыла тургандыгын жарыя кылышты. Исмаил Исаковдун айтымында, учурда Үзөнгү-Кууш жерин Кытайга бербөө боюнча 20 миң адамдын колу чогултулду. Ал эми бул маселени референдумга алып чыгыш үчүн 300 миң адамдын колу чогултулушу керек.

XS
SM
MD
LG