Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:32

Президент Аскар Акаев Ысык-Көл областында иш сапар менен болду.


Шейшекан Жаналиева

ЧОЛПОН-АТА. Чолпон-Ата шаарындагы «Кыргыз Деңизи» эс алуу жайында областтын активи өтүп, ага республиканын президенти Аскар Акаев катышты. Мамлекет башчысы областтын активинде сүйлөгөн сөзүндө бийлик менен оппозициянын ортосундагы саясий тирешүүлөргө, республикада түзүлгөн учурдагы саясий кырдаалдарга, маселен Аксы окуясына, Үзөңгү-Кууш чек ара талашына баа берип, элди ынтымакка чакырды. Аскар Акаев Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгына токтолуп, Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн 2200-жылдыгынын тарыхый маанисинин тереңдигин аргументтүү фактылар менен чечмелеп берди. Ошондой эле ал Ысык-Көл областынын өзгөчөлүгү туризмди өнүктүрүү аркылуу гана бааланары тууралуу айтты.

XS
SM
MD
LG