БИШКЕК. Кыргызстандагы «Моя столица» гезитинин эмгек жамааты жана гезиттин саясат бөлүмүнүн башчысы Рина Приживойт мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовду жоопко тартуу тууралуу доо арызды Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жолдойт. Мындай маалымат 19-декабрда гезиттин башкы редактору Александр Кимден алынды. Анын маалыматына караганда, буга Осмонакун Ибраимовдун ««Московский комсомолец» в Кыргызстане» гезитине 18-декабрда жарыяланган интервьюсунда «гезит өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн, бийлик менен элди кагыштыруу саясатын көздөгөнү сокурга да көрүнүп турат» деген пикири негиз берет. Рина Приживойт болсо мамлекеттик катчы өзүн «Орусиянын жараны» дегени үчүн сотко берерин 19-декабрда гезит аркылуу жарыя кылды. Ал эми мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов Рина Приживойт сотко берсе кубанаарын, анткени, бүтүндөй кыргыз элинин намысын коргогондугу үчүн ыраазы болорун билдирди жана кыргыз элин шылдыңдаганы үчүн Рина Приживойттун өзүн сотко берсе, жеңээрине ишенээрин да кабарлады.