Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

Укук коргоочу уюмдар президентА. Акаевден Кыргызстанда өлүм жазасын жоюуну өтүнүштү.


БИШКЕК. Адам укуктары боюнча «Хьюман райтс уотч» эл аралык уюму,Эл аралык мунапыс уюму,адам укуктары боюнча эл аралык Хельсинки федерациясы, адам укуктары боюнча эл аралык лига, Орусиядагы «Мемориал» укук коргоочу борбор жана Кыргызстандагы укук коргоочу беш уюм Кыргызстандын президенти Аскар Акаевге ачык кат жолдошуп, анда өлүм жазасын биротоло алып салууну өтүнүштү. Алар муну менен Кыргызстан өлүм жазасын таптакыр жойгон дүйнөдөгү 111 мамлекеттин катарына кошулуп, «Кыргызстан адам укугун сыйлаган өлкө» деген ураанды иш жүзүндө аныктаарын билдиришти. Андан тышкары өлүм жазасына кесилген 160 адам жазанын аткарылаар же аткарылбасын билбей күтүп жатышы адамгерчиликсиздик мамиле катары бааланарын белгилешип, бул жаза боюнча элге так маалымат берип, коомчулукта талкуу жүргүзүүнү камсыздоого президентти чакырышты.

XS
SM
MD
LG