Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Бишкек шаарынын курулушун өнүктүрүүнүн башкы планын иштеп чыгууга 9-10 миллион сом талап кылынат.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. Бишкек шаарынын курулушун өнүктүрүүнүн башкы планын иштеп чыгууга 9-10 миллион сом талап кылынат. Бул тууралуу жума күнү «Азаттыктын» кабарчысына Бишкектеги Долбоорлоо илим иликтөө иститутунун башчысы Каныбек Нарбаев маалымдады. Анын айтымында, 18-декабрда бул маселе боюнча өкмөт башчысы Николай Танаевдин катышуусунда жыйын болуп өттү. Жыйында аталган институтка келээрки жылдын ичинде жогорудагыдай планды иштеп чыгуу тапшырылды. «Буга чейин борбор шаарын өнүктүрүү боюнча башкы план 1950- жана 1971- жылдары түзүлгөн. Андан бери элдин саны 500 миң адамдан бир миллон адамга чейин өстү. Мындан сырткары, ички миграциянын натыйжасында шаардагы курулуш объектилери да ар тараптуу көбөйдү. Ошондуктан, келечекте борбор шаарды пландуу өнүктүрүү үчүн жогорудагыдай иш-чараларды бүтүрүү учурдун талабы», - деп кошумчалады Каныбек Нарбаев «Азаттыктын» кабарчысына.

XS
SM
MD
LG