АКШда жайгашкан "Ассошиэйтед пресс" маалымат агенттигинин айтымында, 2002-жылы дүйнөдө болгон окуялардын ичинен эң олуттуу деп Ирак маселеси аталды. Агенттиктин маалыматынан пайдалангандардын арасында өткөрүлгөн сурамжылоонун натыйжасында, экинчи орунга - Израил менен Палестина ортосундагы чатак, үчүнчү орунга - Маскөө театрындагы барымта, төртүнчү орунга - Индонезиянын Бали аралындагы жардыруу жана бешинчи орунга - Америка Кошмо Штаттарынын ири компанияларындагы коррупция чатагы чыкты.