Брюссель шаарында жайгашкан Журналисттердин эл аралык федерациясы 20-декабрь күнү кезектеги бир жылдык отчетун жарыялады. Анда келтирилген маалыматтарга караганда, дүйнөдө азыр Колумбия, Орусия жана Пакистан журналисттердин иши үчүн эң коркунучтуу өлкөлөр. 2002-жылы дүйнөдө 100 журналист өлтүрүлгөн жана алардын 67-си аталган үч өлкөдө каза тапкан. Үстүбүздөгү жылы Пакистанда - "Уолл стриит джорнел" гезитинин кабарчысы Дэниел Пөрл барымтага алынып, кийин өлтүрүлгөн.