Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Украинанын оппозициялык күчтөрү биригүүдө.


Украинанын төрт оппозициялык уюму кечээ күнү бириккендиги тууралуу жарыялады. Жаңы бирдикке Коммунисттик менен Социалисттик партиялар жана мурдагы премьер Виктор Ющенко менен мурдагы вице-премьер Юлия Тимошенко жетектеген уюмдар кирди. Компартия лидери Петро Симоненконун айтымында, Кучманын өкмөтү жана алардын парламенттеги колдоочулары бардык бийликти олигархтарга карматып салды жана андан бүткүл мамлекет жок болушу мүмкүн. Социалисттик партиянын төрагасы Олександр Мороздун пикири боюнча, Кучма менен олигархтар өлкөнү жеке менчик зоналарга бөлүп алышкан.

XS
SM
MD
LG