БИШКЕК. Кыргызстандын чар тарабынан келген мектеп окуучулары катыша турган «Алтын балаты» аттуу президенттик салтанат Бишкекте 25-декабрда болот. Билим берүү жана маданият министрлигинен 20-декабрда алынган маалыматка караганда, ага окуунун алдыңкылары, мектеп окуучуларынын олимпиадасында жеңишке жетишкендер, көп балалуу жана жакыр үй-бүлөөлөрдөн чакырылган 500гө жакын окуучу катышат. Ал эми студенттер үчүн өткөрүлчү «Студенттик бал» 30-декабрда болмокчу. Бишкек шаар жетекчилиги тараткан маалыматка караганда, мэрия жаңы жылдык оюн-зоокторду өткөрүү үчүн 2 миллион 140 миң сом бөлдү. Бишкек мэриясы 23-декабрдан 28-декабрга чейин балдар үчүн кайрымдуулук елкаларын өткөрүп, чоңдор үчүн 31-декабрда Ала-Тоо аянтында жаңы жылдык чоң концерт өткөрөт.