БИШКЕК. Ишемби күнү президент Аскар Акаевдин жардыгы менен Эл аралык Тоо Жылын жана Бишкектеги Башкы Тоо Саммитин ийгиликтүү өткөргөндүгү үчүн Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимов, өкмөт башчысы Николай Танаев, Эл аралык университеттин ректору Асылбек Айдаралиев үчүнчү даражадагы «Манас» ордени менен сыйланышты. Президенттин дагы бир жардыгына ылайык республикадагы тоолуу айылдарды өнүктүрүү боюнча Улуттук борбордун жектекчисинин орун басары Мира Жангарачевага жана аталга борбордун аткаруучу директору Турузбек Таштанбековго Ардак Граматасы тапшырылды. Ал эми эмгектин ардагери Матен Сыдыков мамлекетке жана кыргыз элине сиңирген эмгеги үчүн үчүнчү даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Бакыт Аманбаев