Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатында АКШ менен Орусияны бири-бирине карама-каршы коюну көздөбөйт, деп билдирди А. Акаев.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатында Америка Кошмо Штаттары менен Орусия мамлекеттерин бири-бирине карама-каршы коюну көздөбөйт. Мындай пикирин президент Аскар Акаев жума күнкү орусиялык «Независимая газета» басылмасына берген интервьюсунда маалымдаган. Ошондой эле Аскар Акаев Орусия менен Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын стратегиялык өнөктөш өлкөлөрү экендигин белгилеп, ошондой болсо да «Орусия менен Кыргызстанды эки өлкөнүн ортосундагы көп жылдык ар тараптуу кызматташтык жакындаштырып турат» деген оюн айткан. Ал эми республиканын ичиндеги адам укугу жаатындагы иштерге токтолгон президент, «эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстанда ондогон саясий партиялар, жүздөгөн көз каранды эмес басылмалар, үч миңден ашуун бейөкмөттүк уюмдар пайда болду жана алар ээн эркин ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат» деген пикирин билдирген. Ал ошондой эле өзүнө карата айтылган «президент демократиялык эркиндикти басууда» деген сын көз караштарды кабыл албай тургандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG