Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Президент Аскар Акаевдин 2003-жылды «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылы» деп жарыялоо демилгеси Бириккен Улуттар Уюму тарабынан колдоо тапты.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. Президент Аскар Акаевдин 2003-жылды «Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн 2200 жылдыгы»- деп жарыялоо демилгеси Бириккен Улуттар Уюму тарабынан жактырылды. Бул тууралуу ишемби күнү Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Алынган маалыматка караганда 20-декабрда өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 57-сессиясынын 78 отурумунда «2003-жыл -Кыргыз Республикасынын мамлекетүүлүгүнүн жылы» жана «2002-жыл - Эл аралык Тоо жылы» деген резолюция кабыл алынган. Жогорудагыдай демилгени Аскар Акаев үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун башкы Ассамблеясынын 57 сессиясында сүйлөгөн сөзүндө көтөргөн.

XS
SM
MD
LG