АКШнын Укук министирлигинин басма сөз катчысы Джордж Мартинестин айтымында, апта башында Калифорнияда камакка алынган араб улутундагы 450 адамдын көпчүлүгү бошотулду. Өлкөнүн Иммиграция кызматы кабыл алган эреже боюнча, Ирак, Иран, Ливия, Сирия жана Судандан Америкага келип жашаган 16 жаштан улуу эркектер 16-декабрга чейин өз ыктыяры менен жергиликтүү кеңселерде катталууга тийиш болчу, бирок алар катоого келгенде, жүздөгөн адам дароо камакка алынган. Кармалгандардын туугандары 18-декабрь күнү Лос-Анжелес шаарында ири каршылык демонстрациясын өткөргөн.