Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Президент Буш жаңы түзүлгөн "Радио Фарда" аркылуу чыгып сүйлөдү.


20-декабрь күнү президент Джордж Буш жаңы түзүлгөн америкалык "Радио Фарда" аркылуу Иран элине кайрылды. Анын айтымында, эгер Иран өз эл аралык милдеттенмелерин аткарып, демократия жолуна түшөм десе, ал АКШдан жакшы колдоочу таба албайт. "Иран элине жылуу куттуктоо менен кайрылууга мүмкүн болгонуна мен кубанычтамын. Жаңы "Радио Фарданын" уктурууларынын башталышы менен! Буга чейин Америка Кошмо Штаттары Иран элине жаңылыктарды жана маданий берүүлөрдү "Азаттык" үналгысы аркылуу уктуруп келген, эми болсо, күнүнө 24 саат иштеген жаңы радио түзүлдү", - деди Буш. Жумасына жети күн, күнүнө 24 саат иштеген фарси тилиндеги "Радио Фарда" өзүнүн биринчи уктуруусун 19-декабрь күнү баштаган жана аны - "Америка абазы" менен "Азаттык" үналгылары биргелешип түзгөн.

XS
SM
MD
LG