Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

АКШ: Ирак маселеси боюнча Түркия өз турумун аныкташ керек, - деп талап кылууда.


Америка Кошмо Штаттарынын Түркиядагы элчиси Роберт Пиирсон 21-декабрь күнү өлкөнүн премьер-министри Абдулла Гүл менен жолугуп, Ирак маселеси боюнча Түркия өз турумун так жана ылдам аныкташ керек, -деп билдирди. 20-декабрда Түрк өкмөтүнүн башчысы "СиЭнЭн" сыналгысы аркылуу чыгып сүйлөп: эгер Иракка каршы согуш башталса, аны жүргүзүүдө Америка кошмо штаттарына жардамдашам деп Түркия эч кандай милдеттенме алган эмес, - деп жарыялаган. Түркия НАТО уюмунун мүчөсү жана Иракка каршы башталышы мүмкүн болгон турган согушта АКШ анын аскерий базаларын пайдаланууну көздөйт.

XS
SM
MD
LG