Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Ирак гезиттери Америка Кошмо Штаттарын катуу сынга алууда.


Бириккен Улуттардын текшерүүчүлөрү Иракта иштей баштаганына 22 күн болду, бирок азырынча алар кеңири кыруучу куралдын изин таба элек. Ирак гезиттери болсо, Америка Кошмо Штаттарын катуу сынга алууда. Президент Саддам Хуссейндин уулу башкарган "Бабел" гезити 21-декабрдагы санында америкалык президент Джордж Бушту сындап: Бириккен Улуттар менен Ирак ачык жана чын дилинен кызматташып жатса, АКШ согуш добулбасын кага баштады, - деп жазат. "Аль Ирак" аттуу гезит болсо: текшерүүнүн жыйынтыктарын күтпөстөн эле, АКШ алдын ала даярдалган Иракка каршы согушка умтулууда, - деп билдирет.

XS
SM
MD
LG