Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Тендердик комиссия жетекчисинин айтымында, Майлуу-Суу электр-лампа заводунун акциясын сатуу боюнча тендер адилет өткөрүлдү.


БИШКЕК. «Майлуу-Суу электр-лампа заводунун мамлекетке тиешелүү 62,47 % акциясын сатуу боюнча тендерде, кардарлардын сунуштаган шарттары баллдык негизде бааланды. Анын жыйынтыгында «В.А.В.С.» фирмасынын сунушу жогорку баа алып, жеңишке жетишти», - деп билдирди шейшемби күнү тендер өткөрүү боюнча комиссиянын башчысы, тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбеков. Анын айтымында «В.А.В.С.» фирмасынын инвестициялык долбоору жогору баага арзыган.
Тендерде жеңилип калган «Аврора лайтинг» фирмасы тендердин адилетсиз болгонун дүйшөмбү күнү жарыялап, «эң начар шартты сунуш кылган фирма жеңишке жетишти» деп билдирген эле.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG