Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Европадагы 28 өнүккөн мамлекеттин жарандары Кыргызстанга визасыз кирип, бир айлык визаны Кыргызстандын «Манас» аэропортунан ала алышат.


БИШКЕК. Кыргызстанга Европадагы 28 өнүккөн мамлекеттин жарандары визасыз кирип, бир айлык визаны Кыргызстандын «Манас» аэропортунан ала алышат. Бул тууралуу 24-декабрда өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин башкы консулдук башкармасынын башчысы Руслан Казакбаев билдирди. Анын айтымына караганда, буга тышкы иштер министринин ушул жылдын башындагы буйругу негиз берүүдө. Мындай чечим чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча президенттин атайын өкүлүнүн катчылыгынын сунушу менен өлкөнүн инвестициялык абалын жакшыртуу максаты менен кабылданган. Руслан Казакбаевдин айтымында, жакында бул маселе боюнча өкмөттүн атайын токтому чыгат жана ал Жогорку Кеңеш менен макулдашылат.

XS
SM
MD
LG