Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Баткен областындагы «Боз Адыр» чек ара постунда кыргыз чек арачылары менен өзбек атуулдарынын ортосунда чыр чыкты.


Шайырбек Эркин уулу

БАТКЕН. 23-декабрдын кечинде Баткен областынын «Боз Адыр» чек ара постунда кыргыз чек арачылары менен өзбек атуулдарынын ортосунда чыр чыкты. Областтык ички иштер башкармалыгынан 24-декабрда алынган маалыматка караганда, дүйшөмбү күнү саат 18дер чамасында аталган чек ара постунда кыргыз чек арачылары Өзбекстандын Сох анклавы тараптан келаткан жеңил авто унааны токтотушкан. Автоунаадагы Өзбекстандын төрт атуулу ошо замат кыргыз чек арачыларын кекетишип, аларга зордук кыла башташканда чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок атышат. Өзбек атуулдары ага да көнбөй жулунуп киргенде чек арачылардын бирөө жерди көздөй ок атат. Жерге атылган ок өзбек атуулдардын биринин бутуна тийип, жаракат алат. Булардын төртөө тең Өзбекстандын Сох анклавында жашаган этникалык тажиктер болгон. Бул окуядан улам Сохтун Шаркабат айылынын жашоочулары дароо кыргыз чек арачыларына нааразылык билдирип чыгышкан. Окуя болгон жерге ошол замат Баткен районунун бийлик өкүлдөрү, областтык тартип коргоо органдарынын жетекчилери келишип, чогулган эл менен сүйлөшүп, күнөө өзбек жарандарында экени аныкталган соң, тарап кетишкен. Учурда өзбек тарап «бул чек ара постун аласыңар» деген талап коюшууда. Ал эми кыргыз тарапта «андай болсо силер дагы Сох анклавына кире бериштеги мындай постту аласыңар» деген талап коюп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG