ЖАЛАЛ-АБАД. 24-декабрда Майлуу-Суу шаарында Аксы окуясы боюнча айыпталгандардын соту башталды. Саат 11 де башталган аскердик сотко Аксы окуясы боюнча айыпталган 7 киши жактоочулары менен бирге катышты. Мамлекеттик айыптоочулар - Башкы Прокуратуранын өкүлү Осмоналиев менен Жалал-Абад областынын прокуратурасынын өкүлү Асранов - областтын мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов жана Жалал-Абад областынын ички иштер башкармасынын мурунку башчысы Кубанычбек Токобаевдин Кылмыш Кодексинин 305-беренеси, Аксы районунун мурунку прокурору Абдыкалык Калдаров 148-жана 305-беренелер, Кулуев, Ракишев жана Калбаев 148-берене боюнча күнөөлөнүп жаткандыгын жарыя кылды. Айыпталуучулардын баардыгы коюлган күнөөлөрдү негизсиз деп эсептеп, моюндарына албай тургандыктарын билдиришти. Ал эми Зоотбек Кудайбергенов Азимбек Бекназаровго кылмыш ишин мыйзам чегиндеги милдетин аткаруу үчүн ачкандыгын айтып, Аксы окуясы боюнча ачылган кылмыш ишин саясий иш деп билдирди.
Рысбай Абдраимов