Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

МАЙЛЫ-СУУДАГЫ ЭЛЕКТР-ЛАМПА ЗАВОДУНУН АКЦИЯЛАРЫ САТЫЛДЫ.


Сапар Орозбаков, Бишкек Майлы- Суудагы электр-лампа заводунун акцияларынын сатуу боюнча тендердин жыйынтыгы ага катышкандардын арасында пикир келишпестиктерди пайда кылууда.

Майлуу–Суу электр-лампа заводу - өлкөдөгү жакшы иштеп жатат деген ишканалардын бири. Анын кубаттуулугу 100% га пайдаланып, продукциясынын 80% и экспортко кетет. Бирок тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин эксперттеринин айтуусу боюнча 2-3 жылдан кийин рынокто атаандаштыктын күчөшүнөн улам заводдун продукциясынын сатылышы тоскоолдуктарга учурайт. Ошондуктан заводду модернизациялоо максатында министрлик анын мамлекеттке тиешелүү 62% акциясын сатыкка чыгарып, тендер жарыялаган. 23-декабрда Орусиянын «Аврора» фирмасынын жетекчилери, 24-декабрда болсо Кыргызстандын тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин жетекчилиги журналисттер үчүн пресс- конференция өткөрүшүп, анда Майлуу- Суу электр-лампа заводунун мамлекетке тиешелүү 62 % акциясын сатуу тууралуу өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы жөнүндө сөз курушту.

Тендерде 3 шарт коюлган. Биринчиси – акциялардын баасы 3,2 млн. доллардан кем эмес болууга тийиш. Экинчиси – сатып алуучу 3 жыл ичинде заводго 15 млн. доллардан кем эмес инвестиция салышы керек. Үчүнчүсү – заводдун экспортун жылыга 3% га көбөйтүшү керек. Тендерге 5 ишканадан арыз түшүп, тендердик комиссия алардын төртөөнө тендерге катышууга уруксат берген. Алар Орусиянын «Аврора» фирмасы жана курамына «Мерката» фирмасы кирген «В.А.В.С.» жоопкерчилиги чектелген коом, курамына «Темирбанк» кирген казакстандык «Фронтиер» аттуу консорциум жана курамына «Альянс-банк» кирген дагы бир казакстандык консерциум эле.

20-декабрда тендердин жыйынтыгы чыгып, тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсү катары Орусиянын «В.А.В.С.» компаниясын жарыялаган. «Авроранын» баш директору Михаил Александровдун айтымында, тендердик комиссия ага катышкандардын ичинен эң аз милдеттенме алган компанияны жеңүүчү деп атаган.

«Түшкөн сунуштар төмөнкүдөй болду. Акцияларды сатып алуу үчүн биз 4,1 млн. доллар сунуш кылдык. Алматылык «Темирбанк» баштаган консорциум 3,85 млн. долар, «Альянс-банк» баштаган консорциум болсо 3,35 млн. доллар сунуш кылды. Ал эми «В.А.В.С.» болсо – 3,2 млн. доллар. 6-7 саатка созулган талкуудан кийин министр Садриддин Жиенбеков баштаган тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсү деп эң төмөн милдеттенме алган «В.А.В.С.» компаниясын жарыялады», - дейт Михаил Александров.

«Авроранын» жетекчилеринин айтымында «В.А.В.С.» компаниясы тендердин калган 2 шарты боюнча да акыркы орунду алган. Мисалы, инвестициянын көлөмү боюнча алдыга казакстандык 2 инвестор чыккан. «Аврора» болсо үчүнчү болуп, женүүчү деп табылган «В.А.В.С.» акыркы орунда калган. Баарынан кызыгы, Александров мырзанын айтымында, «В.А.В.С.» компаниясынын жетекчилери Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн адам экен.

««В.А.В.С.» компаниясынын жетекчиси Столповских мырза Швейцариянын Лугана кантонунун прокурору тарабынан Интерпол аркылуу издөөдө жүрөт. Ишенбесеңер Интернетти ачып карагыла. Кремлдин ремонту, Ельциндин учагы тууралуу ишти уксаңар керек. Ал ошол иштерге катышы бар, таза адам эмес», - дейт Михаил Александров.

Эртеси тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбеков баштаган тендердик комиссиянын айрым мүчөлөрү жана «Майлуу-Суу электр-лампа», «Электротехник» заводдорунун директорлору пресс- конференция өткөрүшүп, эмне үчүн «В.А.В.С.» жеңүүчү деп табылганын түшүндүрүштү. Жиенбековдун айтымында, тендердик комиссия тендерде коюлган 3 шарт боюнча балл коюп баалаган. «Аврора» акциянын баасы жана инвестициянын көлөмү боюнча «В.А.В.С» тан алдыга чыккан менен, анын инвестициялык долбоору жетиштүү деңгээлде жазылган эмес.

««Аврора» бир эле барак инвестициялык долбоор тапшырыптыр. Ал эми «В.А.В.С.» болсо долбоорун бир нече баракка кенен чагылдырган», - дейт Жиенбеков.

Бирок бизнес–долбоорду түзүүгө кандайдыр-бир шарт коюлганбы, коюлса канча барак бериш керек болчу жана комиссия мүчөлөрүнүн бизнес-долбоор менен таанышып чыкканга убактысы болдубу, болсо «В.А.В.С»тын бизнес-долбоорунун артыкчылыктары эмнеде деген сыяктуу суроолорго Жиенбеков да, комиссиянын башка мүчөлөрү да так жооп бере алышкан жок. Ал эми «В.А.В.С.» тын жетекчилеринин Интерпол аркылуу издөөдө болушу тууралуу Жиенбеков «ал далилденбеген факт» деп жооп берди.

XS
SM
MD
LG