Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Президент Путин Орусия менен Түркиянын ортосундагы соодага маани берди.


Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн Кремлде Түркиянын башкаруучу партиясынын төрагасы Режеп Тайыа Ердоган менен кездешти.
В. Путиндин айтышынча, Орусия менен Түркия жылына өз ара 5 миллиард долларга соодалашат. Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосундагы ырасмий эмес соодалашуунун көлөмү 4 миллиард доллар чамасында болот. Түркиялык фирмалар Орусияда 6 миллиард долларлык келишимдин үстүнөн иштешүүдө жана эки өлкө Кара деңиздин асты менен өтүүчү газ боросун чогуу курууда.
Ердогандын айтымында, анын негизги максаты - эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо.
Москвага эки күндүк ырасмий сапарга келген Ердоганды 170 адамдан турган мартабалуу делегация коштоп жүрөт.

XS
SM
MD
LG