Пакистандын жаңы шайланган премьер-министри Зафарулла Хан ондогон жылдардан бери талаштуу болгон Кашмир чатагын жөндөөгө жардамдашууну өтүнүп Иранга кайрылды.
Зафарулла Хан кайрылууну Ирандын президенти Мухаммад Хатами менен болгон сүйлөшүүдөн кийин жасады.
Кечээ күнү президент Первез Мушарраф да ушундай өтүнүч менен Хатамиге кайрылган.
Хатаминин айтымында, Иранды Индия менен туташтырган 3,5 миллиард долларлык боронун долбоору Индия-Пакистан арасындагы мамилеге оң таасир этиши мүмкүн.
Мушарраф менен Хатаминин сүйлөшүүсүндө, Ооганстандагы кырдаал, Иран менен Индия сунуш кылган жана Пакистан аркылуу өтүүчү мунай-газ боросунун долбоору да талкууланган.