Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Орусия Түндүк Кореяны коргоого алды.


Түндүк Кореянын коргоо министри Ким Ир Чол “непада ядролук согуш башталып калса, биздин аскерлер Кошмо Штаттарга аеосуз сокку урат” деп билдирди жана Пхеньян ядролук программасын өнүктүрүүдө деген АКШнын маалыматын куру доомат катары четке какты.
Бул жөнүндө коммунисттик Кореянын мамлекеттик башкаруудагы Борбордук маалымат агенттиги Кимге шилтеме жасап кабарлады.
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Лосюков Кошмо Штаттарды Пхеньяндын бул кадамына баа берүүдө курч сөздөн качууга жана аскерий жооп кайтаруудан этият болууга чакырды.
Лосюковдун сөзүнө караганда, саясый кырдаал дипломаттык жол менен гана жөндөлүш шарт.
АКШ менен Британия мурдараак Түндүк Корея проблемасын дипломаттык жол менен чечүүнүн жолдорун издеп жатканын билдиришкен.
Түштүк Корея да буга чейин Түндүк Корея чатагын жөндөөгө саясый көмөк көрсөтүүнү өтүнүп Орусияга, Кытайга жана Японияга кайрылган.

XS
SM
MD
LG