Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Президент Ким Тэ Чжу ырасмий Пхеньянды сындады.


Түштүк Кореянын президенти Ким Тэ Чжу дүйнө өлкөлөрүнүн чакырыгын укпастан, ядролук каруу жаракка ээ болууда деп Түндүк Кореяны сындады.
«Түндүк Корея ядролук программасынын баш тартуусун Түштүк Корея, АКШ, Япония, Кытай, Орусия жана Европа биримдиги өтө катуу суранган эле. Бирок, өтүнүчтү Пхеньян укпай койду. Пхеньян макул көрсө, Түндүк Кореяны экономикасын кризистен чыгарууга жана анын эл аралык коомчулукка кошулушуна жардамдашууга Сеул даяр турган»,- деди Ким бүгүн министрлер кабинетиндеги кеңешмеде сүйлөп.
Пхеньян жакында плутоний өндүрүүчү ядролук реакторду көзөмөлдөө үчүн МАГАТЭнин мурда орноткон жабдуулардын ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган эле.

XS
SM
MD
LG