Улуттар Уюмунун каруу-жарак инспекциясы Иракта массалык жок кылуучу куралдарды издөөнү бүгүн да улантты.
Ирак бийликтеринин маалымдашынча, инпекторлор бүгүн шектүү жети жайды текшеришкен. Инспекция кайра башталгандан берки төрт жумада 150-гө жакын обьект изилденгенин МАГАТЭнин өкүлү кечээ маалымдаган.
МАГАТЭнин адис-эксперттери Ирактын каруу-жарак программасына тийиштиги бар илимпоздорду сурамжылоону кечээ күнү башташты жана зарыл тапса, алардын айрымдарын сырт өлкөлөргө чыгарып кетип маектешмекчи.
Улуттар Уюмунун эксперттери Иранда массалык кыргын салуучу куралдар бар экенин билүү үчүн, аба менен сууну да текшеришүүдө. Ал үчүн өнөр жай ишканаларынын территориялар менен дарыялардын нугу болуп, бардыгы 27 жайдан үлгү алынган.
Ырасмий Багдаддын «АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын эксперттери Иракка келип, өлкөнүн каруу жарак программасына тиешелүү шектүү жайларды текшерсин» деген сунушун Вашингтон четке какты.
Бул жөнүндө Мамлекеттик департаменттин өкүлү Филлип Риккер кечээ кечинде маалымдады.