БИШКЕК. Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы жана Эл аралык Финансы Корпорациясы Борбордук Азия мамлекеттеринде чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү үчүн 147 млн. доллар бөлдү. Бул тууралуу шаршембиде Эл аралык Финансы Корпорациясынын Кыргызстандагы программасынын координатору Гүлнур Жузенова маалымдады. Анын айтымында, бөлүнгөн 147 млн. доллардын 5 млн. Кыргызстанга таандык жана ал өлкөдөгү чакан жана орто ишканаларга берилет.