Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:23

А. Бекназаровдун жардамчысы бийликти айыптоодо.


БИШКЕК. «Бийлик депутат Азимбек Бекназаровдун тарапкерлерин бири-бири менен араздаштырып, ортого чок салууну көздөп жатат. 20-декабрда өкмөттүк «Слово Кыргызстана» гезитине Э. Тереков жазган макала дал ушул максатты көздөйт. Мындай жалган маалыматты тараткандыгы үчүн өкмөттүк гезитти сотко берем», - деп билдирди шаршемби күнү «Азаттыкка» эл депутатынын Аксы району боюнча жардамчысы Тажимамат Туралиев. «Оюнчубу» же «оюнчукпу»? деген макаласында Тереков, «Бекназаров саясатка кокус келген адам экендигин анын жардамчысы Туралиев да мойнуна алган», - деп жазган эле. Аксы окуясында жабырлангандардын Майлуу-Суу шаарында өтүп жаткан сотко барбай жатышына токтолгон Туралиев, «биринчиден органдар киши өлтүрүү боюнча кылмыш иши козгобогондугунан, экинчиден соттун Кербенде өткөрүлбөгөндүгүнөн алар сотко баруудан баш тартты», - деп билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG