Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Баткен областынын жетекчилиги, өзбек чек ара посттору да алынса, Өзбекстандын Сох анклавынын чегиндеги чек ара постторун алып салууга даяр экенин билдирди.


Шайырбек Эркин уулу

БАТКЕН. Областтын губернаторунун орун басары Максатбек Дыйкан уулунун 25-декабрда «Азаттыкка» билдиргенине караганда, учурда Өзбекстандын Сох анклавы менен Баткен областынын чегиндеги элди азапка салган чек ара постторун эки тарап тең алып салууга аракет көрүүдө. Баткендин Боз-Адыр чек ара посттундагы 23-декабрдагы өзбек атуулдары менен кыргыз чек арачыларынын чатагынан соң, Сох районунун акими бул жердеги чек ара посттун алып салуу маселесин областтык жана республикалык деңгээлде көтөрүп чыгаарын билдирген. Губарнатор орун басарынын айтымында, эгер өзбек тарап постторду ала турган болсо, анда Баткен областынын бийлиги дагы мындай кадамга барууга даяр. Антикени кыргыз тарап эбактан бери эле бул маселени көтөрүп келүүдө. Бирок өзбек тарап чек ара постторуна көзөмөлдү күчөтүп кыргыз атуулдарын азапка салып жаткандыктан кошуналардын өздөрүнө жараша чара көрүүгө аргасыз болууда. Эскерте кетчү нерсе, 23-декабрда Боз-Адыр чек ара постунда «Москвич» автоунаасы менен келген өзбек жарандары кыргыз чек арачыларына кол салып, жоокерлер өзүн коргоо үчүн алгач асманга ок атышкан. Өзбек жарандары ага да болбой жулунуп киргенде жерге ок атышып, натыйжада Сох районунун Шархабат айылынын жашоочусу Кахраман Ашыров оң капталынан жарат алган. Бул окуядан соң Шархабат айылынын 200дөй тургуну бул постту алып салуу талабы менен чыгышып, Баткен-Ош жолун тосууга аракеттенишкен. Ошол эле замат Баткен районунун жетекчилери жана тартип коргоо органдарынын жетекчилери барып эл менен сүйлөшүп, күнөө өзбек жарандарында экени аныкталган соң алар тарап кетишкен.

XS
SM
MD
LG