Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Үсөн Сыдыковдун тарапкерлери дагы бир жыйын өткөрүштү.


КАРА-КУЛЖА. «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башчысы Ысмайыл Бекиевдин айтымында, 25-декабрда Кара-Кулжа район акимиятында аким Рашид Тажибаевдин катышуусу менен Кара-Кулжа округу боюнча парламенттик шайлоонун экинчи турунан четтетилген Үсөн Сыдыковдун шайлоочуларынын жыйыны болду. Ага 400гө жакын адам катышты. Жыйында 5 пункттан турган токтом кабыл алынды. Анда Ү.Сыдыковго колдоо көрсөтүлүп, ага добуш берген 18 миңден ашуун шайлоочунун укугун коргоп берүү өтүнүчү Конституциялык сотко жолдонду жана оппозициялык депутаттарга кысым көрсөтүүнү, Сыдыковдун тарапкерлерин куугунтуктоону токтотуу талаптары жазылды. Токтомдо 18 миң шайлоочунун укугу корголмойюнча № 33 Кара-Кулжа шайлоо округунда шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берилбеси да айтылган. Ү. Сыдыковдун шайлоочуларынын район акими менен жыйыналыш өткөргөнүн райондук акимияттан ырасташып, бирок ага 250 дөй адам катышканын белгилешти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG