Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Кыргызстандын Конституциясынан кош жарандыкка тыюу салуу салган жобону алып таштоо тууралуу сунуштар пайда болду.


БИШКЕК. Кыргызстандын Конституциясынын кыргыз жарандары экинчи бир мамлекеттин жарандыгын ала албай тургандыгын билдирген 13-беренесинин экинчи пунктун алып салуу керек. 25-декабрда «Кош жарандык маселеси:проблемалар жана перспективалар» деген темада өткөн коомдук угуунун катышуучулары ушундай чечимге келишти. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында өткөн угуунун катышуучулары атайын резолюция кабыл алышып, кош жарандыкты алууга тыюу салган жобону алып салуу сунушун Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбооруна кошууну сунуш кылышты.Коомдук угуунун демилгечиси, депутат Кабай Карабековдун пикири боюнча бул маселе экономикалык, этникалык эмес, эң ириде гуманитардык мүнөзгө ээ жана эгерде айтылган сунуш ишке ашса ал чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын ачык эмгектенүүсүнө жол ачат.

XS
SM
MD
LG