Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

Орусия кыргыз жарандарынын иштөөсүнө квотаны көбөйтөт.


БИШКЕК. «Орусия 2003-жылдын экинчи жарымынан тарта Кыргызстандык жарандардын иштөөсү үчүн бир миллионго жакын адамга квота бериши мүмкүн», - деп билдирди 25-декабрда Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин миграция департаментинин директорунун орун басары Зафар Хакимов. Анын айтымына караганда, Кыргызстандын мекемелер аралык өкмөттүк комиссиясы ушул айдын башында Оренбург, Самара жана Свердлов областтарына барган кезде орусиялык тарап ушундай ниетин билдирген. Орусиянын жогоруда аталган областтарынын жетекчилери 490 миң кыргызстандык жарандын ишке орношуп убактылуу жашоосуна, 530 миң адамдын өнөр жай ишканаларында узак мөөнөткө иштөөсүнө уруксаат беришээрин, бирок, ага чейин кыргыз жарандарынын иштөөсүнө негиз бере турган мыйзам актыларын иштеп чыгуу керектигин билдиришкен. Ага чейин Орусия 2003-жылы кыргызстандык 200 миң жарандын иштеп, жашоосуна квота берди.

XS
SM
MD
LG