Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Ирак массалык кыргын салчу куралдарын Сирияга бергенби?


Израилдин премьер-министри Ариель Шарондун «Ирак Сирияга массалык жок кылуучу куралдарды берди» деген сөзүн, Сирия өкмөтү «акылга сыйбаган куру доомат» деп калпка чыгарды.
Өкмөттүк САНА агенттиги Сириянын тышкы иштер министрлигинин өкүлүнө шилтеме жасап билдиргенге караганда, Израил эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнүн химиялык, ядролук жана биологиялык куралдарынан башка жакка буруу үчүн, ушундай натуура маалымат таркаткан.
Өкүл, ошондой эле, Сирия ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимге кол койгонун айтып, Жакынкы Чыгышты массалык жок кылуучу куралдардан эркин аймакка айлантууга чакырды.
Ариел Шарон кечээ күнү «Ирак биохимиялык каруу-жарагын Улуттар Уюмунун инпекциясынан жашыруу үчүн Сирияга өткөрүп берди» деп айтса да, өзүнүн сөзүн ырастаган далилдерди келтирген эмес. Бирок, «Израил бул кабарды тастыктаган маалыматтарды чогултууга аракет кылат», - деген Шарон.

XS
SM
MD
LG