Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Баткен областынына караштуу токойду Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары кыйып жатат.


Шайырбек Эркин уулу

БАТКЕН. Баткен областынын Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу токойду Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары кыйып жатат. Областтык токой чарба башкармалыгынан 26-декабрда алынган маалыматка караганда, жыл башынан бери 11 тажик атуулу токойлорду мыйзамсыз кыйып жаткан жеринен кармалган. Бирок аларга салынган айыптарды өндүрүү кыйынга турууда. Аталган башкармалыктын бул маселеде жардам берүүсүн өтүнүп, Тажикстандын Исфара ички иштер бөлүмүнө кайрылуулардан эч кандай натыйжа чыкпай келет. Ал эми өткөн айда болсо бадал, карагайларды кыйып жаткан жеринен тажик атуулдары колго түшүп, алардын 15 эшегин жана 2 мотоциклин токойчулар алып койгон соң гана аргасыздан 9 миң сом айып төлөшкөн. Белгилей кетчү нерсе, өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери тажик жарандары Баткендин Кишемиш тоолорундагы 418 гектар аянттагы арча токойлорун кыйып жок кылышкан.

XS
SM
MD
LG