БИШКЕК. Майлы-Суу электр-лампа заводунун акцияларын сатуу боюнча тендерде жеңилип калган орусиялык «Аврора Лайтинг» фирмасы жана казакстандык концорциум тендердин жыйынтыгын сот аркылуу жокко чыгаруу аракетин көргөнү жатат. Бул тууралуу «Аврора Лайтинг» фирмасынын башкы директору Михаил Александров жана казакстандык концорциумдун өкүлү Ляззат Дауренбекова билдиришти. Алардын айтымында, орусиялык «В.А.В.С.» компаниясы тендердик комиссиянын жан тартуусу менен жеңишке жеткен. Ошондуктан алар «тендер адилетсиз өттү» деген арыз катты Кыргызстандын президентине, премьер министрине жана парламенттин эки палатасынын спикерлерине жолдошту. Ал эми 26-декабрда Николай Танаев парламенттеги отчет учурунда «тендердик комиссия жеңүүчүнү адилет тандады, анткени, жеңилген фирмалар Майлы-Суу заводун сатып алып, аны биротоло жоюу максатын көздөшкөн болчу» деп билдирди.
Майлы-Суу электр-лампа заводунун акцияларын сатуу боюнча тендерде жеңилгендер сотко кайрылмак болду.