Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Аскар Акаев «Кыргызстандагы аскер кызматы жөнүндөгү» мыйзамга кол койбойсун билдирди.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. Жогорку Кенештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган «Кыргызстандагы аскер кызматы жөнүндөгү» мыйзам мамлекет башчысы тарабынан колдоого алынбайт. Бул тууралуу Аскар Акаев шаршемби күнү кечинде кыргыз теле көрсөтүүсүндө өткөн түз эфир учурунда маалымдады. Мамлекет башчысынын пикиринде, учурда Кыргызстандын аскер күчтөрүн адистешкен армияга айландырууга али эрте. Ал үчүн алгач аскер күчтөрүнүн инфраструктурасын жакшыртып, белгилүү бир кадрдык даярдоодон өткөрүү керек. Мындан сырткары, 25 миң сом төлөп, армиядан калтырып коюу келечекте кыргыз армиясынын катарын жалаң жакырланган элдин катмарынан чыккан жарандардан түзүшүнө алып келиши мүмкүн. «Анкени бай адамдар өз баласын армияга жибербөө үчүн 25 миң сом акчаны оңой эле төлөйт», - деди президент Аскар Акаев.

XS
SM
MD
LG